Казакстандык окумуштуулар атамекендик тоо-кен тармагын жаңылоого
катышат. Жер казынасын пайдалануучулар геологиялык чалгындоодон баштап өнүмдү терең
кайра иштетүү процессине чейинки изилдөөчүлөрдүн жаңы долбоорлорун киргизүүгө
ниеттенүүдө. Эми илимпоздор өндүрүштүн толук жолуна кийлигишүүгө укуктуу.
Заманбап чечим эле талап кылынат. Бул кенди казып алууга гана тиешелүү эмес.
Ошондой эле санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу менен
тармакта адам капиталын, эмгек шарттарын жана бизнес процесстерин өркүндөтүү
боюнча демилгелер болушу керек.
Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим министри:
- Жогорку илим жана технология комиссиясы бул биздин негизги
платформабызды белгилеп, каржылоону аныктайт. Эми ал комиссиянын курамына ушул
ири компаниялардын жетекчилери кирди. Жакында алгачкы ирет жаңыланган форматта илимий-техникалык
комиссиянын отуруму болот. Анда баяндама жасаган окумуштуулар же серепчилер
эмес, ири өндүрүш компанияларынын жетекчилери болот. Башкача айтканда,
милдеттер, тапшырмалар эми өндүрүш менен аныкталат.
Атамекендик изилдөөчүлөр өлкөнүн ишканалары менен
илимий-инновациялык багытта күчтөрдү бириктирүүгө умтулушат. Бул багытта бир
катар долбоорлор даяр. Мисалы, химиялык илимдер институтунун тоо-кен иштерине
байланыштуу төрт изилдөөсү жүргүзүлгөн. Алардын экөөсү баалуу металлдардын
үлүшүн комплекстүү бөлүп алууга арналса, башкалары өндүрүш калдыктарын кайра
иштетүүнү көздөйт.
Хайдар Тасыбеков, А.Б. Бектуров атындагы химия илимдери
институтунун башкы мүдүрү:
- Таза өндүрүш, жашыл технология, комплекстүү технологиялар
аркылуу бардык таштандылардын курамындагы
эритмелерди азайтуу менен бул долбоорлор мунун баарын эске алат. Таштандылардын
баарын керекке жаратуу. Аларды кайра иштетүүгө чыгаруу, ал аркылуу ишкананын
экономикалык көз карашынан жаңы мүмкүнчүлүктөргө жетишүү. Экинчиден,
экологиялык эмиссиясын азайтуу.
Келечекте казакстандык илимпоздорду өлкөнүн башка негизги
тармактарынын дараметин жогорулатууга
тартуу мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков