Казакстанда  эл аралык транспорт коридорлору жаңыланат

Казакстанда  эл аралык транспорт коридорлору жаңыланат

Казакстанда 2030-жылга чейин бардык эл аралык транспорт коридорлору жаңыланат. 2029-жылы 8 миң чакырым жолду реконструкциялоо пландалууда. Быйыл курулуш-монтаждоо иштери  10 миң 700 чакырым жолдо жүргүзүлүп жатат. Мындай иштер келерки жылы да улантылат. Бул тууралуу Транспорт министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Марат Карабаевдин айтымында, реформалар автомобиль жолдорунун бардык тармагында башталды. Жылдын аягына чейин бардык долбоорлорго ФИДИК  стандарттары киргизилип, анын бардык эрежелеринин сакталышы көзөмөлдөнөт. Мындан тышкары келерки жылдан тарта абдан маанилүү долбоорлордун курулушу башталат. Алардын узундугу 4700 чакырымды түзөт. Ага ичтен да, сырттан да каражат тартылып жатат. Жалпысынан мекеме жетекчисинин айтымында, өлкөнүн бардык жолдорун тейлөө үчүн 60 миллиард теңге каржыланышы керек. Бул максатта, республикалык бюджетке салмакты азайтуу үчүн бүткүл мамлекет аймагында акы алынуучу жолдордун участоктору акырындык менен пайдаланууга берилүүдө.

Марат Карабаев, транспорт министри:
-
Учурда 3200 чакырымга акы төлөнүүчү система киргизилди. 11 айдын жыйынтыгы боюнча 26 миллиард 500 миллион теңге каражат түштү. Келерки жылы кошумча 1200 чакырым жолго акы төлөө системасын киргизүүнү пландап жатабыз. Жалпысынан 2029-жылга карата реконструкциялоо иштери аяктаганга чейин мындай жолдордун көлөмү 11 миң чакырымга жетет. Бул жаатта, Казакстандагы акы төлөнүүчү жолдордун тарифтери, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерге салыштырмалуу эң төмөн экенин белгилей кетүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков