ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана «ШКУ+» саммитинен кийин Казакстандын президенти монгол кесиптеши менен жолукту. Касым-Жомарт Токаев менен Ухнаа Хурелсух соода-экономикалык кызматташтык, транспорттук-транзиттик дарамет, соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчы эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашууну 500 миллион долларга чейин көбөйтүүгө болоорун баса белгиледи. Буга байланыштуу тараптар казак-монгол ишкерлер кеңешин түзүүгө жана жол картасын кабыл алууга кызыкдар. Өз кезегинде Монголиянын президенти Астананын эл аралык аренадагы ролу күчөп баратканын айтып, Касым-Жомарт Токаевди Монголияга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.
Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстандын Элдик консультациялык комитетинин төрагасына ШКУнун саммитине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Токаев Гурбангулы Бердымухамедовдун Астанага сапары биринчи кезекте энергетика, транспорт, логистика жана өнөр жай тармагындагы кызматташуунун конкреттүү маселелерин талкуулоо өңүтүнөн маанилүү экенин белгиледи. Мындан тышкары Касым-Жомарт Токаев түркмөн жетекчилигине казак маданиятын даңазалоого жана Ашхабадда улуу акын Курмангазы Сагырбай уулунун эстелигин ачууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков