Казакстан ISOнун активдүү катышуучуларынын катарында

Казакстан ISOнун активдүү катышуучуларынын катарында

Казакстан стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун ишине активдүү катышууда. ISO баш катчысы Серхио Мухику белгилегендей, өлкө 172 мүчөнүн бири. Казакстандык серепчилер 150дөн ашык техникалык комитеттерде иштешет, бул стандарттарды иштеп чыгууда улуттук артыкчылыктарды эске алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Казакстан стандартташтыруу жаатында Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирүү, аймактык кызматташтыкты жана эл аралык уюмдардагы таасирин күчөтүү үчүн аянтча болуп калды.

Серхио Мухику, Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун башкы катчысы:

- Эл аралык стандарттар – бул универсалдуу тил, ал аркылуу дүйнө жүзүндөгү серепчилер өнүмдөрдүн, кызматтын же процесстин техникалык мүнөздөмөлөрү жана талаптары боюнча макулдашат. Бул жерде Казакстанда өндүрүлгөн өнүмдөргө жол ачылат. Казакстан ИСОнун абдан жигердүү мүчөсү. Биздин уюмда 800гө жакын техникалык комитеттер бар жана Казакстан алардын 150гө жакынына катышат — бул олуттуу үлүш. Бирок маанилүүсү конкреттүү санда эмес, тескерисинче, бул комитеттердин өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарына шайкеш келишинде.

Которгон: Илгиз Жамалбеков