50дөн ашык компания БУУнун Глобалдык келишимине кошулду

Бүгүнкү күндө 50дөн ашуун казакстандык компания БУУнун Глобалдык келишимине мүчө. Алардын жалпы наркы 70 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу  БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору ата мекендик бизнес коомчулук менен жолугушууда билдирди. Микаэла Фриберг-Сторинин айтымында, жергиликтүү ишкерлер туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн маанилүүлүгүн жакшы түшүнөт. Бул жаатта активдүүлүк жогору.  Казакстандык компаниялардын көбү эл аралык уюмдун келишимине соңку бир жыл ичинде кошулган. Ага мүчө болуу аларга өз стратегияларын, адам укуктарын жана эмгек мамилелерин жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу 10 негизги принциптерге шайкеш келтирүү аркылуу бизнесин жүргүзүүгө көмөктөшөт. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Глобалдык келишим 165тен ашык өлкөдөн 21 миңден ашык бизнес-түзүмдү бириктирет.

Микаэла Фриберг-Стори, БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору:
- Бул компаниялардын көбү биздин окуу программалары менен тренингдерден өттү. Алар туруктуу өнүгүүгө мүмкүн болушунча тезирээк жетишүүнү үйрөнүштү. Бул логистикалык банк тармагына же керектөө товарларын өндүрүүгө байланыштуу ар кандай тармактарда иштеген бизнес. Биз туруктуу өнүгүүнүн жолун көрсөттүк. Алар өндүрүш жараяндарын жана сатып алууларын жакшыртуу, алдыдагы убакытта туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн бардык зарыл чечимдерди өз алдынча кабыл алышат. Мисалы, компаниялар жумуш ордунда адам укуктарын коргоо жана эмгектенүүгө ыңгайлуу шарттарды кандай камсыз кыла алам деп ойлонушу керек.

Жумабек Жаныкулов, ишкер:
- Бизнесте экологиялык стандарттарга жооп берген жаңы технологияларды алып келип, киргизүү зарыл. Муну менен катар,  жаңы жумуш орундарын ачууда же иштеп жаткан жумуш орундарында коопсуздук нормаларын киргизүү керек деген зарылчылык сыяктуу бардык аспектилерди талкуулайбыз. Биз Казакстандагы өкмөт, бизнес жана коом кантип биргелешип иштеши керектиги тууралуу кеп козгойбуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков