Казакстанда эко туризм багыты өнүгүүдө

Казакстанда эко туризм багыты өнүгүүдө

Алматыда узундугу 150 чакырымды түзгөн дүйнөлүк деңгээлдеги лыжа базасы курулат. Жаңы объектке жылына 5 миллионго жакын турист келет деп күтүлүүдө. Бул аймактын тоо кластерин өнүктүрүү боюнча комплекстүү планда эске алынган. Бул багытта Мангыстау аймагынын да дарамети чоң.  Аймактын уникалдуу туристтик жайларына кирүүгө жана бир катар жаңы объекттерди ачууга мүмкүндүк бере турган программа бекитилди. Улуттук парктарда экологиялык саякат иштери да кеңири жүргүзүлөт. Акыркы жылдары 8 сапар-борбор ачылды. Натыйжада Казакстанда кызыкдар тараптардын саны өсүүдө.

Ербол Мырзабосынов, туризм жана спорт минисри:

- 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, 14 улуттук парктарга 2,8 миллион адам келген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 18% га көп. Өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн ар бир улуттук паркты негизги туристтик инфраструктура менен камсыз кылуу жана жаңы сапар-борборлорду куруу пландаштырылууда. Ошондой эле, бардык улуттук парктарда Бурабайдагы  сыяктуу кирүү тутумун санариптештирүү керек. Дал ушундай эле иш туризмдин ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү башка региондордо да жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков