«Казакстан-Евробиримдик» диалог платформасынын жыйыны өттү

«Казакстан-Евробиримдик» диалог платформасынын жыйыны өттү

Казакстан менен Европа Биримдиги 2025-2026-жылдарга карата стратегиялык өнөктөштүктүн жол картасын иштеп чыгууда. Документте санариптештирүүнү колдоо жана геодезиялык башкарууга артыкчылык берилген. Бул тууралуу «Казакстан – Евробиримдик» диалогдук платформасынын 16-отурумунда айтылды. Жыйынга Казакстандын Премьер-министри, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн Убактылуу ишенимдүү өкүлү, дипломатиялык миссиялардын жетекчилери катышты. Олжас Бектенов белгилегендей, республикада 2029-жылга чейин инвестициялык саясаттын жаңыланган концепциясы ишке ашырылууда. Өкмөт бюрократиядан жөнгө салуучу процедураларды тазалоо жана оптималдаштыруу үчүн санариптик чечимдерди мамлекеттик башкарууга киргизет. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын тышкы соодасынын үчтөн биринен көбү жана тартылган инвестициялардын жарымына жакыны эски континенттеги өлкөлөргө туура келет.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков