Казакстанда айыл чарба каттоосу жүргүзүлөт. Бул ушуну
менен өлкөдөгү экинчи улуттук өнөктүк болмокчу. Агрардык тармактын өнүгүүсүн
болжолдоочу иш-чараны бул жолу баш оона-тогуздун айларынын аралыгында уюштуруу
пландалууда. Быйыл жайында тесттик каттоо өткөрүлөт. Айыл чарба өсүмдүктөрү, үй
жаныбарлары, фермердик чарбаларга байланыштуу маалыматтар чогултулат.
Асель Жартыбаева, Улуттук статистика бюросунун
департаменти мүдүрүнүн орун басары:
Тизмеге кимдер кирет, кайсы багытты изилдейбиз? Анын
ичинде айыл чарба ишканалары, юридикалык жактар, фермерлер, айыл чарба
тармагында иштеген жеке ишкерлер, башкача айтканда кожолуктар. Ошондой эле айыл
жеринде, шаарда жеке менчик жер тилкеси бар, ага бакча өсүмдүктөрүн өстүргөн же
үй жаныбарларын багуучу жеке чарбалар кирет. Мындан тышкары, биз участокторду
кыдырып, ээлери кандай эгин эгип, кандай түшүм алып жатканын биле алабыз.
Бул өнөктүк атайын айыл чарба жаныбарларын көзөмөлдөө тутуму маалымат
жыйноо жана агроөнөр жай комплексиндеги жараяндардын ачыктыгын камсыз кылат.
Учурда өлкөдө долбоор киргизилип жатат. Маалымат базасы пилоттук режимде
Алматы, Павлодар жана Жетису облустарында сыналууда. Система чек ара
бекеттерине да орнотулат. Мунун аркасында сертификаттарды берүү жол-жобосу
оңдолуп, санариптик моделге, башкача айтканда, ветеринардык экспертизанын
корутундусу жана жаныбардын толук жашоо цикли тууралуу маалыматты камтыган QR
кодго алмаштырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков