Алдыдагы 3 жылда май экспортунун көлөмү артат

Алдыдагы 3 жылда май экспортунун көлөмү артат

Казакстан алдыдагы үч жылда май экспортунун көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Тармактык министрлик бул боюнча жол картасын иштеп чыкты. Бул учурда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн европа рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган. Жалпысынан былтыр казакстандык майды сыртка сатуудан 837 миллион доллар пайда түшкөн. Бул тарыхый рекорд. Адистер келерки жылы 850 миң гектар аянтка күн карама эгүү мерчемделгенин айтышат. Демек, кайра иштетүү кубаттуулугун арттырууга чийки зат жетиштүү болот. Бүгүнкү күндө Казакстанда май иштетүүчү 80ге жакын завод бар. Ал эми өнүмдөр дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнө экспорттолот. Айта кетсек, Казакстан күн карама майын эң көп экспорттогон 10 өлкөнүн катарына кирет.

Нурлан Кулбатыров, «Qaztrade» АК башкы мүдүрүнүн орун басары:

- Бүгүнкү күндө Борбордук Азия өлкөлөрүн, Кытайды жана Кавказ өлкөлөрүн алганда Казакстан май өндүрүмдөрүн экспорттоо боюнча негизги оюнчу болуп саналат. Максатка жетүү үчүн эң биринчи айыл чарба министрлигинин, экинчи жыйналган түшүмдү дүйнөлүк рынокто сатууда соода министрлигинин ролу чоң.

Которгон: Илгиз Жамалбеков