Казакстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Казакстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Казакстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленди. 33 жыл мурда-1991-жылдын бештин айынын 16да тиешелүү мыйзам кабыл алынган. Анда өлкө көзкарандысыз, демократиялык жана укуктук мамлекет деп жарыяланган. Биринчилерден болуп көз карандысыз Казакстанды Түркия, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Монголия, Франция жана башка мамлекеттер тааныган. Белгилей кетсек, бештин айынын 16сы мамлекеттүүлүктүн кайра жаралуусунун жана элдин эркиндик тилегин орундатуунун символу болуп эсептелет. Казакстандыктарды бул тарыхый күн менен президент Касым-Жомарт Токаев куттуктады. Ал, көз карандысыздыкты көздүн карегиндей сактоо ар бир жарандын милдети экенин эске салды. Мамлекет башчысы коомдогу биримдикти, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо менен бардык кыйынчылыктарды жеңип, өнүгүүнүн жолунда жаңы бийиктиктерге жетүүгө болорун белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков