Казакстандын Президенти ички иштер министрине тапшырмаларды берди

Казакстандын Президенти ички иштер министрине тапшырмаларды берди

Казакстанда кылмыштуулуктун саны азаюуда. Жыл башынан 9 пайызга кыскарды. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысына ички иштер министри Ержан Саденов билдирди. Ошол эле учурда ИИМдин маалыматы боюнча, укук бузуулардын дээрлик бардык негизги түрлөрү боюнча төмөндөө байкалууда. Өлкөдө алдын алуу иштерине жана коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Министр ошондой эле мамлекет башчысына кибер жана баңги кылмыштуулугуна, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иштердин жыйынтыктары, жана коопсуздук чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча чаралар тууралуу маалымдады. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков