Мажилис Европа өнүктүрүү банкына тиешелүү документти кабыл алды

Мажилис Европа өнүктүрүү банкына тиешелүү документти кабыл алды

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Сахаранын түштүгүндө, ошондой эле Ирак мамлекетинде банк операцияларын кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Өлкө аталган каржы институтунун акционери катары бул демилгени колдойт. Мажилис тиешелүү документти кабыл алды. Казакстан 1992-жылдан бери Эски Континенталдык Банктын курамына кирет.  Андан бери каржы уюму республикада 300дөн ашык долбоорду ишке ашырууга 11 миллиард долларга жакын инвестиция салган.

Мади Такиев, Каржы министри:

- Африка өлкөлөрүнүн банктык операциялар чөйрөсүнө кириши биздин өлкөгө миллиарддан ашык калкы бар өлкөнүн масштабдуу долбоорлоруна инвестиция тартуу, байланыштарды түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Макулдашуунун биринчи беренесине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү Казакстан менен Европа реконструкциялоо банкынын, ошондой эле Африка жана Жер Ортолук деңизинин өлкөлөрү менен кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.

Мажилис балык чарбасын өнүктүрүүгө арналган мыйзамды кабыл алды

Ошондой эле, мажилис “Аква өстүрүү тууралуу” мыйзам долбоору жана аны коштоочу документ биринчи окууда кабыл алды. Максаты - балык азыктарынын экспортун көбөйтүү жана импортту алмаштыруу болуп саналат. Документте өлкөдөгү балык чарба ишканаларын кеңейтүү, жаңы субъекттерди түзүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тармакка инвесторлорду тартуу механизмдери камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков