Казакстандын Президенти биринчи вице-премьер-министр Нурлыбек Налибаевди кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев өнөр жайды өнүктүрүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча отчетту укту. Мамлекет башчысына өндүрүш тармагындагы иштин негизги багыттары тууралуу маалымат берилди. Биринчи вице-премьер-министр кошумча нарктагы өнүмдөрдү өндүрүүнү көбөйтүү пландары жана энергетикалык инфраструктураны модернизациялоонун жүрүшү тууралуу баяндады. Мамлекет башчысына транспорттук-логистикалык инфраструктураны жана курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча маалымат берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев өкмөткө инфраструктуралык долбоорлорду сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылууну жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

