Түрк мамлекеттеринин бирдиктүү кино жана медиа платформасы түзүлөт. Мындай келишимге боордош өлкөлөр Өзбекстанда «Улуу ата-бабалардын мурасы – үчүнчү кайра жаралуу доорунун негизи» аттуу эл аралык конгрессинде жетишилди. Стримингдик платформа түрк тилдүү өлкөлөрдүн руханий жана маданий мурастарына тиешелүү контентти камтыйт. Башкача айтканда, азыр бул багыттагы көркөм жана даректүү тасмаларды, жаңылыктар менен программаларды, электрондук китептерди бир жерден табуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Фирдаус Абдумаликов, Ислам маданияты борборунун мүдүрү, Өзбекстан:
– Бул жерге түрк өлкөлөрүнүн көптөгөн көрүнүктүү илимпоздору, тажрыйбалуу медиа ишмерлери, кино адистери, продюсерлор жана тармактын адистери чогулушту. Биз түрк мамлекеттеринин орток платформасын түзүүнү макулдаштык. Бул стриминг платформасы биринчи кезекте түрк жаштарын руханий жактан тарбиялоого багытталган.
Мындан тышкары боордош мамлекеттердин кинематографисттери биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштөөгө ынтызаар. Азыркы тапта тарыхый инсандардын таалим-тарбия турмушун чагылдырган бир нече киносценарийлер тандалып алынды. Тартуу иштерин баштоо күнү да алыс эмес.
Бекболат Шекеров, Ш. Айманов атындагы «Казакфильм» улуттук киностудиясынын башкы редактору:
– «Казакфильм» киностудиясы бирге тартыла турган «Аль-Фараби» аттуу долбоорду сунуштайт. Ал тарыхта экинчи мугалим болуп калган улуу ойчул бабабыздын өмүр жолуна арналган. Анын өмүр доорун кайра жаратууга, чыгармачылыгын жана илимий эмгектерин, өмүр баянын чагылдырууга аракет кылабыз. Бул масштабдуу тасма учурда Казакстанда жана жалпы эле түрк өлкөлөрүндө бар. Ал жаңы технологияларды колдонуу менен тартылат.
Фуркат Усманов, улуттук кинематографияны өнүктүрүү борборунун мүдүрү, Өзбекстан
– Боордош Казакстандын кино өндүрүшүнүн адистери менен биргеликте улуу жазуучу Мухтар Ауэзов тууралуу чоң долбоорду ишке ашырууну пландап жатабыз. Ал Казакстандын эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн адабияты менен маданиятынын өнүгүшүнө салым кошкон кайталангыс инсан. Мухтар Ауэзовдун инсандыгын «Памир тоолорундай бийик» деп сыпаттайбыз.
Түрк кинорежиссёрлорунун биргелешкен эмгегинин жыйынтыгын келерки жылы өлкөдө өтө турган түрк дүйнөсүнүн “Коркыт ата” кинофестивалында көрүүгө болот. Белгилей кетсек, салтка айланган сынак жыл сайын түрк дүйнөсүнүн маданий борборунда уюштурулуп келет. 2025-жылы бул макам Актау шаарынын карамагына өтөөрү белгилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков