Өзбекстандын кооз жаратылышы,
уламыштардын каармандары, улуттук тамак-аштары жана кумура-идиштер, жыгачтан
жасалган өзгөчө буюмдар жана Ташкент, Самарканд менен Бухара чеберлеринин токуу
өнөрү – сузане борбор калаа тургундары менен конокторуна сунушталды. Астанадагы
Улуттук музейде коңшу өлкөнүн улуттук кол өнөрчүлүгү жана сүрөт көргөзмөсү
ачылды. Көргөзмөгө атадан балага мурас болуп келе жаткан искусство түрлөрү –
сүрөтчүлөрдүн, усталардын жана жаш чеберлердин эмгектери коюлду. Музейден
жалпысынан 180 эмгек орун тапкан. Уюштуруучулардын айтымында, бул көргөзмө эгемендүүлүк алган жылдардан
бери уланып келе жаткан эки тараптуу маданий диалогду уланткан иш-чара болуп
саналат. Белгилей кетсек, бул көргөзмө Өзбекстан Республикасынын Президенти
Шавкат Мирзиёевдин Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында өтүп жатат.
Акмарал Нуриддинов, Өзбекстан сүрөт
академиясынын төрагасы:
-Биз бир элдин эки бутагы, бир дарактын эки бутагыбыз.
Ошондуктан, биз мүмкүн болушунча жакын болуп, каржылык-экономикалык гана эмес,
маданий байланыштарды да бекемдешибиз керек деп эсептейм. Маданият тармагында
казак артисттери менен кызматташуубуз терең. Биз Өзбекстанда өткөргөн ар бир
чыгармачылык иш-чара, сүрөтчүлөрдүн кечеси казакстандык кылкалем чеберлеринин
катышуусусуз өтпөйт.
Күмүш Сеитова,
маданият жана спорт министрлгинин маданият жана маалымат министрлиги маданият
комитетинин төрайымы:
- Тарыхый-маданий мурастарыбыз көргөзмөдө гана калып жатат
деген туура эмес тыянак. Маселен, ЮНЕСКОнун тизмесинде Өзбекстан, Тажикстан
жана Кыргызстан менен Улуу Жибек жолунун биргелешкен объектилери да бар. Андан
кийин Фергана-Сыр-Дарыя коридору пландалууда. Бул багытта Өзбекстан менен
биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүн биз ЮНЕСКОнун экинчи тизмесине кирдик
десек болот.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков