Жулдыз Абдукаримова «Аалам Сулуусу - 2020» сынагында кантип жеңишке жеткенин айтып берди

Казакстан «Аалам сулуусу» сынагында биринчи жолу жеңишке жетти. Өлкөгө жеңиш алып келген Жулдыз Абдукаримова 2020-жылкы ааламдын эң сулуу айымы атагын кантип жеңип алганын айтып берди. Сынак онлайн-форматта өттү. Катышуучуларга коюлган эң башкы талаптардын бири өзү тууралуу видеопрезентация жиберүү болгон. Айта кетүүчү жагдай, алгач комиссия 148 катышуучунун арасынан Жулдызды тандаган. Андан кийин төрт баланын энеси добуш берүү аркылуу жеңишке жеткен. Дүйнөлүк сынактын жеңүүчүсүнүн айтымында, алдыга койгон пландар көп. Эң алды менен кайрымдуулук менен алектенүү жана энелер үчүн бекер онлайн-тренингдерди өткөрүү турат. Ошондой эле, Жулдыз өзүнүн жеңишин таанымал жолдошу менен байланыштыргандарга да жооп берди. Анын пикиринде, жеңишке жетүүгө күйөөсүнүн жардамы тийген. Атактуу ырчынын миллиондогон күйөрмандары Казакстандын атынан катышкан Жулдызды болушунча колдошкон. Бирок дүйнөлүк сынактын Казакстандагы өкүлүнүн айтымында, Жулдыз Абдукаримованын жеңишке жетүүгө толук мүмкүнчүлүгү болгон.

АРАЙ АЛИМХАН, «ААЛАМ СУЛУУСУ – 2020» СЫНАГЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Биз Жулдыз экөөбүз «социалдык тармакка бизди колдоңуздар деп күндө пост салбай эле коёлу, антпесе сайтта мүчүлүштүк болушу мүмкүн» деп сүйлөшүп алган болчубуз.

- Ошондо чынында эле соцтармактагы күйөрмандардын аркасында жеттиңерби?

- Албетте, Жулдыздын күйөрмандарынын, ошондой эле, «Казакстан алга» деп уран чакыргандардын аркасы менен жеттик.

ЖУЛДЫЗ АБДУКАРИМОВА, «ААЛАМ СУЛУУСУ – 2020»:

- Бизге профессионалдуу команда жардам берди. Алар сценаристтер, видеографтар. Мен жеңүүчү аталганыма кубанычтамын. Бул команданын жеңиши деп айтат элем. Анан албетте жалпы казакстандыктардын колдоосу таасир этти. Мага добуш бергениңиздерге ыраазымын.