Казакстан деңиз аркылуу жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүнү көздөөдө. Маңгыстау облусунун акимчилигинин маалыматына ылайык, кийинки жылдын биринчи жарымында ата мекендик Курык жана азербайжандык Алят багыты боюнча эки паромду ишке киргизүү пландаштырылган. Ал эми 2027-жылга карай алардын санын алтыга чейин көбөйтүү көздөлүүдө. Бул Транскаспий эл аралык транспорттук багытынын натыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берет. Актау порту бул коридордун негизги түйүнү. Аны өнүктүрүүгө Евробиримдик грант бөлгөн. 10 млн евро эки тилкени кеңейтүүгө, ошондой эле жүктөрдү жүктөөгө арналган заманбап крандарды сатып алууга жумшалат. Мындай жаңылоо деңиз тилкесин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырып, бир эле учурда төрт толук көлөмдөгү кемеге кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

