Түндүк Казакстан облусунда жаңы кластер түзүлөт

Түндүк Казакстан облусунда жаңы кластер түзүлөт

Казакстанда жаңы кластер пайда болот. Ал өлкөнүн түндүгүндө ачылышы мерчемделген. Түзүм экологиялык багытта иштейт. Региондун акимчилигинин маалыматы боюнча, ТехноЭкоПарк долбоорунун алкагында чийки затты кайра иштетүүнү жөнгө салуу көздөлүүдө. Ошондой эле булгаары калдыктарын кайра иштетүүчү завод жана кагаз,картон буюмдарын чыгаруучу фабрикалары ишке кошулат. Ири долбоордун жалпы наркы 49 миллиард теңге деп бааланууда. Бүгүнкү күндө аны сатуу үчүн жер тилкеси бөлүнгөн. Тактап айтканда, эки өндүрүш Qyzyljar атайын экономикалык аймагында жайгашат. Ал эми эко-долбоордун ишке кириши менен 500 жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков