Казакстанда мунайды кайра иштетүү көлөмү өстү. Казакстандын премьер-министринин орун басары Роман Склярдын айтымында, мунайды иштетүү заводдорунда быйылкы жылдын төрт айында 6 миллион тоннага жакын «кара алтын» өндүрүлгөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу беш пайызга өскөн. Ал эми дизелдик отун өндүрүү боюнча үчтүн айы-чын куран айларында 1,5 миллион тоннадан ашык күйүүчү май өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 9%га көп. Быйылкы жылы дизелдик отун өндүрүү көлөмүн 5 миллион тоннадан ашыруу мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков