Казакстанда «Дарбаза-Мактаарал» темир жолу салынууда

Казакстанда «Дарбаза-Мактаарал» темир жолу салынууда

Казакстанда «Дарбаза-Мактаарал» темир жол желесинин курулушу жүрүп жатат. Ири инфраструктуралык долбоор Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы узундугу 152 чакырымды түзөт. Азыр анын алгачкы 30 чакырымында 160тан ашуун жумушчу эки нөөмөттө иштеп жатышат.

Арман Аңсатбаев, подрядчы:

- Бул жаңы долбоор курулгандан кийин топурак иштери болот. Кийинки жылы биз башка жумушка өтөбүз. Көпүрөлөр курулуп, суу түтүктөрү орнотулат. Быйылкы жылга биздин аймакта 5 жарым миллион куб топурак ишин бүтүрөбүз.

Долбоор 2026-жылдын бештин айында толук пайдаланууга берилет. Курулушу үч жылга созула турган темир жолго 240 миллиард теңге бөлүнүп, 19 700 тонна рельс төшөлөт. Бул жаатта курулуш үчүн зарыл болгон бардык тетиктер ата мекендик заводдордо да кураштырылганын белгилей кетүү керек.

Өлкөнү Өзбекстан менен байланыштырган темир жол алыскы жакынкы чет мамлекеттерге товар ташууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, транспорттук-транзиттик дараметти андан ары өнүктүрүүгө багытталган. Бул жол менен атамекендик өнүмдөр Ооганстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Иранга ташылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков