Борбордук Азия чөлкөмүнүн туруктуу өнүктүрүү жолу – өз ара кызматташтык. Азия өлкөлөрүнүн окумуштууларынын өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгү тууралуу Астанада президент борбору менен ЮНЕСКОнун аймактык кеңсеси биргеликте уюштурган эл аралык конференцияда айтылды. Адистердин айтымында, бул биргелешкен изилдөөлөрдү кеңейтүүгө жана инновациялык идеялар менен алмашууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле, технологиялык иштелмелерди ишке киргизүү аймактын лидер болушуна мүмкүндүк берет. Бул жаатта жаштарды илимий иштерге тартуу зарыл. Серепчилердин айтымында, республикада 22 миңден ашык илимпоз бар, алардын жарымынан азы - жаш кадрлар. Чет элдик адистер бул жагдайды жакшы жакка өзгөртүү максатында тажрыйбалары жана ыкмалары менен бөлүштү.
Максат Байбеков, Алматы шаарындагы ЮНЕСКО аймактык кеңсесинин прогаммалар жетекчиси:
- Биз өзүбүз тараптан жаштар үчүн бир платформа ролун аткарабыз. Жаштарды тажрыйбалуу илимпоздор менен байланыштырып, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатып, алар өз ойлорун айта турган аянтча түзөбүз. Бул аркылуу жаштар өз идеяларын өкмөткө, мамлекетке жеткире алат. Бул биздин азыркы негизги максатыбыз. Анткени жаштардын пикирин эске алышыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков