Астанада санариптик соодадагы алдыңкы долбоорлор сунушталды

Астанада санариптик соодадагы алдыңкы долбоорлор сунушталды

Астанада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн санариптик соодасын жакшыртууга багытталган долбоорлордун бет ачары болду. Стартаптар жарманкеси Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Монголия, Азербайжан, Грузия сыяктуу он өлкөнүн өнөр жай өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Ошондой эле, жыйынга электрондук коммерция багытында дүйнөлүк гигант саналган Alibaba сыяктуу компаниялар катышты. Башкача айтканда, мыкты долбоорлордун авторлору дараметтүү инвесторлор менен жолугуп, өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Казакстандын онлайн сооданы өнүктүрүү боюнча чечимдери көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Жалпысынан ата мекендик стартапчылар бул багытта онго жакын инновациялык иштеп чыгууларын сунуштады.

Мади Тажикенов, ASTANA HUB эл аралык мамилелер жана инвестициялар кеңешинин мудүрү:

- Бул жерде эми гана колго алынган жаңы демилгелер менен катар  тышкы рынокко чыккан долбоорлор бар. Мисалы, «ADU 24» долбоору Гонконгдо ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Ошондой эле, өзүбүздүн «Hero Training» программабыздын бүтүрүүчүсү TrustMe долбоору АКШда тааныштырылды. Бизде дүйнө жүзү боюнча суроо-талапка ээ болгон долбоорлорубуз көп. Ошондуктан биз Казакстандын бул багыттагы жетишкендиктерин кеңири жайылта ала турган алдыңкы долбоорлорду тандап алдык.

Нармин Рахимли, Азербайжандын экономика министрлиги департаментинин адиси:

- Астана хабда стартаптарга түзүлгөн шарттар жана андагы экосистема көптөгөн өлкөлөргө үлгү болушу керек деп эсептейм. Биз бул багытта Бакуда «Apple борборун» ачуу максатында Астана хабы менен өнөктөштүк түзүүгө ниеттенип жатабыз. Бул негизинен курулуш жабдуулары, окутуу жана программалоо, ошондой эле, иштеп чыгуучу куралдарга жетүүгө байланыштуу.


Которгон: Илгиз Жамалбеков