«Адилет» партиясынын II курултайында делегаттар
«Аманатты» кошуп алууну бир добуштан колдоп беришти. Катышуучулар саясий
уюмдардын жалпы милдеттери – өлкөнү өнүктүрүү, жарандарды колдоо жана зарыл
реформаларды жүргүзүү экендигин белгилешти. Партиянын төрагасы Айбек Дадебай
азыр ачык диалог, жоопкерчилик жана реалдуу жыйынтыктар маанилүү экенин
билдирди. Партия мүчөлөрү AMANATка кошулуу чечими үчүн ыраазычылык билдиришти.
«Адилет» партиясы бул кадамды Президент Касым-Жомарт Токаевдин Адилеттүү
Казакстанды куруу жана жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган
реформаларды улантуу багытын колдойт деп эсептейт.
Айбек Дадебай, «Адилет» партиясынын төрагасы:
– Президент Касым-Жомарт
Токаевдын реформалары жана эл колдогон жаңы Конституция өлкөнүн саясий системасынын
негизин түздү. Азыркы учурда чечимдерди колдогон партиянын тарапкерлеринин,
кесиптештердин жана делегаттардын ишенимин актоо маанилүү. Жаңы Конституциянын
жоболору толугу менен ишке ашырылышы керек. Бүгүнкү съездден кийин «Адилет»
партиясы өнүгүп, позициясын бекемдеди.
Съездде партиянын аймактык филиалдарын түзүү чечими да
кабыл алынды. Делегаттар бөлүмдөрдүн иши жөнүндө жобону бекитишти. Анда
бирдиктүү иш эрежелери, ошондой эле коом алдында ачык-айкындуулук, жоопкерчилик
жана отчеттуулук принциптери бекемделген. Филиалдар тармагын өнүктүрүү
жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө, демилгелерди активдүү
илгерилетүүгө жана өлкөнүн аймактарында партиянын катышуусун бекемдөөгө
мүмкүндүк берет. Съездде адам капиталын өнүктүрүү да талкууланды. Билим
берүүнүн сапатын жакшыртуу, жаңы технологияларды киргизүү жана жарандык коом
институттарын бекемдөө маселелери көтөрүлдү. Делегаттар өлкөнүн туруктуу
өнүгүүсү квалификациялуу адистерди даярдоого жана коомдук чечимдерди кабыл алууга
активдүү катышуусуна байланыштуу экендигин баса белгилешти.
Айбек Дадебай, «Адилет» партиясынын төрагасы:
– Биз Президент Касым-Жомарт Токаевдын Адилеттүү Казакстанды куруу багытын бекем колдойбуз, аны мамлекетти узак мөөнөттүү чыңдоо жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу стратегиясы катары карайбыз. «Адилет» партиясы түзүлгөндө, биз жөнөкөй, бирок принциптүү идеядан баштаганбыз: адилеттүүлүксүз туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес. Адилеттүү эрежелер иштеген жерде ишеним жаралат. Ишеним болгон жерде инвестициялар келет, ишкердүүлүк өнүгөт, жарандык активдүүлүк өсөт, коомдук тилектештик жана улуттун биримдиги бекемделет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

