Казакстанда БУУнун аскердик байкоочуларын даярдоо жүрүп жатат

Казакстанда биринчи жолу БУУнун аскерий байкоочулары окутулууда. Алар үчүн өлкөнүн Коргоо министрлигинин Тынчтыкты сактоо операциялар борборунда пилоттук курстар өтүп жатат. Теорияда казакстандык аскер кызматкерлери эл аралык мыйзамдарды ар тараптуу үйрөнө алышат. Тактап айтканда, тынчтыкты сактоо ишмердигин, офицерлердин макамын жана милдеттерин, алардын каатчылык кырдаалда иш - аракеттеринин тартибин, ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ЖМК жана жаңжалдын каршылаш тараптары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууну жөнгө салган документтер болуп саналат. Эске салсак, буга чейин мындай аскердик машыгуу чет өлкөлөрдө гана жүргүзүлүп келген.

 

Айбар Актуреев, Борбордун окутуучусу:

-Курстарды үч этап менен өткөрөбүз. Ал үч жумага созулат. Биринчисинде биз тынчтыкты сактоо менен таанышууну чагылдырган БУУнун негизги окуу материалдарын өткөрөбүз. Экинчи жумада биз түздөн-түз БУУнун аскерий байкоочуларынын ишин жөнгө салуучу атайын материалдар менен алектенебиз. Ал эми үчүнчү жумада катышуучулар алган билимине ээ болуп, аны тажрыйбалык сабактарда колдонушат.

 

Албетте, практикалык машыгуу деген да болот?! Бул жерде сабактарда аскер кызматчылары алган көндүмдөрүн бекемдөөгө, катаал жерлерде жана ар кандай аба ырайынын шарттарында айдоону практикалоого, ошондой эле өз алдынча жардыруучу түзүлүштөрдү табууну жана жарадарларды эвакуациялоону үйрөнүүгө тийиш. Аскер кызматкерлери кол салуу, буктурмага кабылуу, барымтага алуу учурунда иш-аракеттердин алгоритмин жөнгө сала алат. Ал эми курстун акыркы этабында БУУнун аскердик байкоочуларынын тынчтык орнотуу тапшырмаларын аткарышат. Ошентип, аскер кызматкерлеринин адаттан тыш кырдаалда иш алып баруу жана татаал шарттарда байкоо жүргүзүү жөндөмдүүлүгү текшерилет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков