Бүгүн Астанада
палаталардын биргелешкен жыйынында Казакстан парламентинин VIII чакырылышынын
төртүнчү сессиясынын ачылышы болду. Ошентип, өлкөдө жаңы саясий сезон башталды.
Ал эми каникулдан кайткан депутаттар журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Алардын айтымында, аймактарга баргандан кийин алдыдагы иштердин так планы
түзүлдү. Казакстандыктардан келип түшкөн бардык суроолор иштелип чыгат.
Ольга
Перепечина, Парламент Сенатынын депутаты:
- Бүгүн
майрам – сессиянын ачылышы, биз депутаттар мамлекет башчысынын аяк оона айынын 8де
боло турган кайрылуусун чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, мамлекет башчысы өкмөт
менен парламенттин алдына мамлекет башчысынын мыйзамдык реформаларын камсыз
кылуу, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, адам укуктарын коргоо жана
коомдун гармониялуу өнүгүүсү боюнча жаңы милдеттерди коёт.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

