Алматыдагы АЭАда жаңы 5 ишкана пайдаланууга берилет

Алматыдагы АЭАда жаңы 5 ишкана пайдаланууга берилет

Алматыдагы “Инновациялык технологиялар паркы” атайын экономикалык аймагында жаңы өндүрүштүк жайлары пайда болот. Келерки жылы беш долбоорду ишке киргизүү пландалууда. Бүгүнкү күндө мегаполисте телекоммуникациялык жабдууларды чыгаруучу завод ишке кирет. Мындан тышкары, иммунолюминесценттик тест-системаларды өндүрүүчү комплекс пайдаланууга берилет. Атайын экономикалык аймакта медициналык жабдууларды чыгарган ишканалар да иштеши күтүлүүдө. Буга кошумча, курал-шаймандар, аппараттар менен жабдууларды чыгаруучу объект иштеп баштайт.  Долбоорлорго салына турган инвестициянын жалпы суммасы 12 миллиард теңгеден ашат. Ошондой эле, 2025-жылы 11,5 миллиард теңгеге дагы 4 өндүрүш объекттин ачылышы күтүлүүдө. Бул ишканаларда картридж, медициналык жабдуулар, фармацевтикалык буюмдар чыгарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков