К. Токаев Тажикстандагы Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышты

К. Токаев Тажикстандагы Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышты

Алдыдагы он жылдык Борбор Азия өлкөлөрүнүн келечегин аныктайт. Ошентип, мамлекеттер дүйнөлүк лидер боло алышат. Ошондуктан тарыхый мүмкүнчүлүктү эффективдүү пайдалануу абдан маанилүү. Мындай максатта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын көлөмүн ырааттуу түрдө жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 5-консультативдик жолугушуусунда билдирди. Анын үстүнө бул багытта ишкердик байланыштар активдешип баратат. Акыркы беш жылда аймактардын ички соодасы 80%дан ашык өсүп, 10,6 миллиард долларга жетти.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Биздин мамлекеттердин ортосундагы сооданын ыргактарын ырааттуу жогорулатуу зарыл. Бул жаатта бир топ натыйжа бар экенин байкоого болот. Мен жогоруда белгилегендей, аймактагы мамлекеттердин  ортосундагы өз ара соода туруктуу өсүүдө. Келечекте биздин өлкөлөрдүн өз ара соода жүгүртүүсүн 15 миллиард долларга жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар.

Ишканалардын ортосунда түздөн-түз байланышты түзүү сооданын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Буга жетишүү үчүн мамлекет башчысы товар өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүүнү сунуштады. Мисалы, аны Борбордук Азия Gateway порталынын алкагында ишке ашырууга мүмкүн. Президент санариптик чечимдердин чөйрөсүн кеңейтүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Казакстан экономиканын бардык чөйрөлөрүндө санариптик чечимдерди жигердүү киргизүүдө. Маселен, республика боюнча накталай эмес операциялардын үлүшү 82%га жеткен. Мамлекеттик кызматтардын 90%ы электрондук түрдө көрсөтүлөт. Өткөн жылы ата мекендик IT секторунун экспортунун көлөмү беш эсеге өстү. 2026-жылга чейин бул көрсөткүчтү бир миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз. Казакстан аталган стратегиялык чөйрөдө жакын коңшулары менен ар тараптуу мамилелерди бекемдөөнү көздөйт.

Аймактык коопсуздук саммиттин негизги темаларынын бири болду. Касым-Жомарт Токаев туруктуулукту камсыз кылуу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө чакырды. Президент достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин тез арада күчүнө киришин камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошондой эле ал, келерки жылы Казакстанда коопсуздук кеңештеринин катчыларынын деңгээлинде Борбор Азиядагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча диалогду өткөрүүнү сунуштады. Казакстан Тажикстандын Улуттук координаторлор кеңешин түзүү демилгесин колдоду. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары 2 келишимге жана биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков