Эл баатырлары Бегелдинов менен Кошкарбаев эскерилди

Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин Советтер Союзунун эки жолку баатыры Талгат Бегелдиновдун эстелигине гүлчамбар койду. 1945-жылдагы Жеңиш парадынын катышуучусу, легендарлуу учкуч-чабуулчунун эстелиги мындан үч жыл мурун борбордо тургузулган. Иш-чарага Улуттук Курултайдын жана Жаштар саясаты кеңешинин мүчөлөрү да катышты. Салтанаттын катышуучулары Жеңиш үчүн баатырларча салгылашкан бардык жоокерлерди бир мүнөт үнсүз туруп эскеришти.

О. Бектенов Р. Кошкарбаевдин эстелигине гүлчамбар койду.

Ошондой эле, Астанада өкмөт башчысынын катышуусунда Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында Эл Баатыры Рахымжан Кошкарбаевдин эстелигине гүлчамбар коюлду. Чогулгандар Рейхстагга туу илген даңктуу казак баатырынын рухуна таазим этип, бир мүнөт үнсүз туруп эскеришти. Олжас Бектенов Улуу Жеңиш баатырларынын аркасында бүгүнкү муун тынч өлкөдө өмүр сүрүп, келечекке ишеним менен кадам таштап жатканын белгиледи.


Которгон: Илгиз Жамалбеков