ЕБ суу ташкынынан жапа чеккендерге гумжардам бөлөт

ЕБ суу ташкынынан жапа чеккендерге гумжардам бөлөт

Европа Биримдиги суу ташкынынан жапа чеккен казакстандыктарга гуманитардык жардам таратат. Бул тууралуу Евробиримдиктин өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Катуу суудан эң көп жабыркаган үй-бүлөлөргө жалпы көлөмү 200 миң евро бөлүнөт.

 

 «Алдыдагы 3 ай ичинде көрсөтүлгөн гуманитардык жардам суу ташкынынан олуттуу жабыркаган 5 миң адамга түз багытталат. Үй-бүлөсүн баккан аялдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген же кары-картаңдарга, үчтөн ашык балалуу үй-бүлөлөргө өзгөчө көңүл бурулат», - деп айтылат билдирүүдө.

Казакстандын Кызыл Жарым Ай Коомуна колдоо көрсөтүү алкагында Европа Биримдигинин бул каржылоосу өтө зарыл болгон шашылыш жардамды, анын ичинде төшөнчү-шейшептер, көп максаттуу акчалай каражат менен гигиеналык материалдар сыяктуу турмуштук заттар менен камсыз кылууну көздөйт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков