Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Министрдин айтымында, залалдуу шишиктен жыл сайын 13 миң адам каза болот. Акыркы 20 жылда кооптуу илдеттен каза болгондордун саны 33%га азайганы айтылууда. Бул көрсөткүчтү дагы азайтуу үчүн 2023-2025-жылдарга комплекстүү план иштелип чыкты. Максаты – илдетти эрте аныктоого көңүл буруу. Натыйжада рактын өрчүп кеткен учурлары 10%га азаят. Скрининг иши кеңейтилет. Республика боюнча дары-дармек базасы жаңыланып, заманбап жабдуулар, эффективдүү ыкмалар киргизилет. Алматы, Атырау, Улытау, Жетису жана Актөбө облустарында жаңы онкологиялык борборлорду куруу пландалууда. Келерки жылы борбордо Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи болуп протон терапиясы менен жабдылган Улуттук изилдөө борборун ачуу көздөлүп жатат.
Ажар Гиният, саламаттыкты сактоо министри:
- Учурда бул протондук аппарат орнотула турган бункердин курулушу жүрүп жатат. Андан кийин аппаратты орнотуу, анын жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун текшерүү жүргүзүлөт. Бул аппарат республикада биринчи жолу иштей тургандыктан, адистерди даярдоо иштери жүргүзүлөт. Былтыртан бери аталган жабдык менен иштей турган адистерди Германия, Нидерланды, Израилде окутуп жатабыз. Алар мурда биздин мамлекетте болбогон радиациялык терапевттер, медициналык химиктер жана физиктер болушмакчы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков