Астанада президенттик балаты өттү

Астанада президенттик балаты өттү

Астанада президенттик балаты өттү. Салтка айланган майрамдык иш-чарага аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын бала катышты. Балдар үчүн ар кандай спектаклдер, сүйүктүү жомок каармандары жана ар кандай каармандар катышкан көңүл ачуу программасы уюштурулду. Ошондой эле балдарга Казакстандын Президенти тарабынан атайын белектер тапшырылды. Жаңы жылдык белек баштыгында сумка, планшет, билим берүүчү китептер жыйнагы, оюнчуктар жана таттуулар бар. Мындан тышкары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген балдар Астананын кооз жерлерин кыдырышты.

Али Кудаяров, окуучу:

- Менин маанайым абдан жакшы. Балаты көңүлдүү өтүп жатат.  Менин кийимдерим Өмүр дарагы деп аталат. Байтерек, Улуттук музей жана Назарбаев Университетине экскурсия болду. Сабакты жакшы окуп, тартиптүү болуп, алдыга умтулуу керек.  Келечекте мен бизнесмен болгум келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков