Москвада казактын көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмери, «Алаш» партиясынын лидерлеринин бири Алихан Бөкейханов тууралуу китептин бет ачары болду. Буга чейин басылманын бет ачары Казакстандын беш шаарында - Астана, Алматы, Павлодар, Семей жана Карагандыда өткөн. Эмгекте архивдик документтер, мемуарлар берилген. Анын автору орус окумуштуусу Виктор Козодой. Тарых илимдеринин докторунун айтымында, Алихан Бөкейхановду Казакстандын гана эмес, Орусиянын дагы коомдук жана саясий ишмери деп атоого болот. Анткени ал Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган жана бүткүл Орусиялык уюмдардын ишине катышкан. Китеп болсо казак тилине да которулган.
Виктор Козодой, тарыхчы:
Сизди кармаган жана коё бербеген жаңы инсан. Сибирдин тарыхын изилдөө мындай кубаттуу «Алаш» кыймылысыз дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми «Алаш» десек, сөзсүз Алихан Бөкейхановду айтабыз. Ал көп иштерди жасады, Казакстандын субъектилиги боюнча көптөгөн маселелерди чечти, ал эми иш жүзүндө алгылыктуу болду, Казакстандын эгемендүүлүгүнө жол салды.
Басылманын бет ачарында Казакстандын Орусиядагы элчиси Ермек Кошербаев тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү контекстинде «Алаш» кыймылынын ишмердүүлүгүнүн көптөгөн аспектилери ачылбай калганын эске салды. Ушул эле эмгек Казакстандын эгемендүүлүгүн алдын ала белгилеген тарыхый окуяларды изилдөөгө зор салым кошкон. Ермек Кошербаев, тарыхчы Виктор Козодойго 2-даражадагы «Достук» орденин тапшырды жана Казакстандын президентинин ыраазычылык сөзүн жеткирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков