Президентке саясий куугунтуктоо курмандыктарын толук актоо боюнча көп томдук тааныштырылды

Президентке саясий куугунтуктоо курмандыктарын толук актоо боюнча көп томдук тааныштырылды

Саясий куугунтукка кабылгандарды толук актоо боюнча мамлекеттик комиссиянын иши тууралуу мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин баяндама жасады. Бул комиссиянын иши илимий изилдөөлөргө багытталган. Белгилүү окумуштуулардан жана серепчилерден түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү өлкөнүн архивдеринде жана жабык фонддорунда кеңири изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Мекемелик архивдердин сырын ачуу жана куугунтукка кабылгандарды актоо иштери компетенттүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Быйыл да аталган багыттагы иштер улантылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков