К. Токаев Астананын алдыңкы ишканаларына барды

К. Токаев Астананын алдыңкы ишканаларына барды

Астананын ички дүн өнүмүнүн көлөмү биринчи жарым жылдыкта 4,7 триллион теңгени түздү. Өсүш 4% көрсөттү. Өнүгүүгө негизги салымды чакан жана орто бизнес кошууда. Борбордун инвестициялык дарамети президентке тааныштырылды. Касым-Жомарт Токаевдин Астананын өнөр жай объекттерине жумушчу сапары индустриалдык паркка баруу менен башталды. Мында жалпы наркы 322 миллиард теңгелик 100 долбоор ишке ашырылууда. Парк республикада өндүрүш көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Бүгүнкү күнгө чейин 6,5 триллион теңгеден ашык өнүм чыгарылган.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Астананын калкынын саны өсүүдө. Жакынкы жылдары 1,5-2 миллион кишиге жетиши мүмкүн. Ошондуктан биз тургундарды жана жаштарды жумуш менен камсыз кылышыбыз керек. Борбор шаарды өнүктүрүү үчүн ири өнөр жай кубаттуулуктары өтө зарыл.

Мамлекет башчысына борбордогу алдыңкы ишканалардын жетишкендиктери көрсөтүлдү. Бул аффинаждоочу завод, швейцариялык холдинг менен биргелешкен темир жол транспортун кураштырган ишкана, лак-боёк жабдыктарын чыгарган экспорттук компания, респираторлорду чогултуучу казак-түрк компаниясы, ошондой эле, резина жана желимден жасалуучу завод. Президент чатыр жана капталуучу материалдарды чыгарган заводдун иши менен да таанышты. Заводдун өнүмү импорттун жарымын алмаштырууга мүмкүндүк берет. Касым-Жомарт Токаев ири долбоорлорду жүзөгө ашырууда жергиликтүү камтуу көлөмүн көбөйтүү артында мындай ишканаларды колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бул өтө маанилүү ишкана. Өлкөбүзгө ушундай өндүрүш очогу керек. Биз негизги материалдардын импортун ата мекендик өнүмдөр менен алмаштырышыбыз керек.

Андан кийин мамлекет башчысы бириктирилген өндүрүш комплекси менен таанышты. Бул  - эмерек, медицианалык жабдуулар, модулдук курулмалар жана темир конструкцияларды чыгарган беш ишкана. Алардын артыкчылыгы бардыгы бир долбоордо катышкандыгында. Бардык өнүмдөр чет элдик аналогдордон кем калышпайт. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев темир-бетон конструкцияларын чыгаруучу заводго барды. Бул жерде өнөр жайлык модулдук курулуштун инновациялык технологиялары колдонулат. Бул объекттерди куруу убактысын кыскартууга жана алардын наркын төмөндөтүүгө шарт түзөт. Айта кетсек, мындай ыкманы колдонуу менен ишкана 200 миң чарчы метрден ашык аянтты курган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков