Парламент Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев мамлекет башчынын тапшырмасы менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун королевасы Елизавета IIни акыркы сапарга узатуу мамлекеттик аземине катышты. Вестминстер Холлдо ханышанын табытына зыярат кылуу аземине катышуудан тышкары, ал Казакстан Республикасынын атынан расмий көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Ошондой эле, Сенаттын төрагасы Король Чарльз IIIтүн Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнүн, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн урматына арналган ардактуу кабыл алуусунда болду. Король Чарльз III менен болгон маегинде Маулен Ашимбаев жакында борбор калаанын борбордук сейил багындагы гүлзарлардын бирине ханыша Елизавета IIнин ысымы берилээрин билдирди. Король өз кезегинде ханышанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айткандыгы үчүн Казакстан элине жана жетекчилигине ыраазычылык, жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков