AI чөйрөсүндөгү стартаптар Astana Hub'тагы Demo Day иш-чарасында тааныштырылды

AI чөйрөсүндөгү стартаптар Astana Hub'тагы Demo Day иш-чарасында тааныштырылды

Medtech жана HR технологияларынан баштап автономдуу дрондорго жана AI-агенттерге негизделген платформаларга чейин. Astana Hub аянтында жасалма интеллект жаатындагы ондон ашык иштеп чыгуулар көрсөтүлдү. Бул жерде Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин демилгеси болгон AIpreneurs акселерациялык программасынын Demo Day иш-чарасы өттү. Жалпысынан өлкө боюнча 360тан ашык арыз келип түшкөн. Финалга эң мыкты 12 долбоор жетти. Катышуучулар үч айдын ичинде идеядан баштап рынокко чыгууга даяр стартапка чейинки жолду басып өтүштү. Уюштуруучулардын айтымында, иштеп чыгуучуларга бардык шарттар түзүлгөн – турак жай жана коворкинг аянтчаларынан баштап ментордук жана инфраструктуралык колдоого чейин. Стартаптардын арасында Omir AI долбоору бар, ал AI аркылуу медициналык маалыматтарды талдап, жекелештирилген сунуштарды берет.

Маржан Мади, OMIRAI долбоорунун негиздөөчүсү:

- Биз медицинада илимий жактан далилденген математикалык теңдемелерди колдонгон стартапты иштеп чыгууну чечтик – жасалма интеллект лабораториядан алган PDF же сүрөт аркылуу анализиңиздин жыйынтыгын көчүрүп, аларды биздин математикалык теңдемелер, формулалар аркылуу өткөрөт жана биз жыйынтыктарды алабыз. Алардын негизинде жасалма интеллект чечим кабыл алат, кайсы бир адистештирилген дарыгерге кайрылуу керектиги боюнча сунуштарды берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков