Казакстанда чакан ,орто ишкердик жана жеке ири бизнес үчүн насыяларды кепилдөө боюнча эки бирдей фонд түзүлөт. Биринчи долбоордун алкагында быйыл 30 триллион теңгеге 1,7 миңге жакын долбоор колдоого алынат. Экинчиси өлкөдөгү ири стратегиялык маанилүү долбоорлордун санын көбөйтүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө. Бул жаатта негизинен экспорттук дарамети чоң өндүрүш өнөржай тармактары колдоого алынат. Алардын арасында металл иштетүү, мунай жана газ, айыл чарба, химия жана жеңил өнөр жай, тамак-аш жана курулуш материалдарын өндүрүү, унаа жасоо, ошондой эле IT-чөйрө, логистика, жүк ташуу, туризм жана ар кандай масштабдагы инфраструктуралык долбоорлор бар. Өкмөттө өлкө экономикасынын реалдуу секторун каржылоо маселелери каралды. Буга кошумча, жыйында 2025-жылы кошумча инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү боюнча чаралар талкууланды. Алар негизинен өлкөдөгү энергетикалык жана коммуналдык секторлорду жаңылоо боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруунун эсебинен камсыздалат деп көздөлүүдө.
Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары, Улуттук экономика министри:
- Улуттук долбоордун алкагындагы инвестициянын көлөмү 5 жылда 13 трлн теңгеден ашат. Бул жаатта алдыбыздагы жылы инфраструктураны жаңылоого жумшалган инвестиция быйыл 1,2 трлн теңгегени түзөт. Улуттук долбоор инвестициялардын өсүшүнө, ошондой эле жаңы атамекендик товарлар менен өлкөнүн коммуналдык инфраструктурасын курууда сатылып алынуучу өнүмдөрдү өндүрүүчүлөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзөт.
Өкмөт башчы бул маселеге токтолуп, инвесторлорго өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик органдар аларга толук колдоо көрсөтүп, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөшү керек. Олжас Бектенов акимчиликтерге жергиликтүү казынага жигердүү каражат тартууну, ал эми тармактык министрликке артыкчылыктуу долбоорлорду өз убагында каржылоону тапшырды. Премьер-министр экинчи деңгээлдеги банктарды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Мамлекет субсидия, кепилдик берүү жана кайра каржылоо каражаттары менен камсыз кылууга даяр. Ал эми банктар соода же керектөө насыяларын гана бербестен, өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлор менен иштөөгө даяр болууга тийиш. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен банктардын ортосундагы балансты камсыз кылуу керек. Мамлекеттик каржы түзүмдөрү экинчи деңгээлдеги банктардын ишин кайталабастан алардын каржылоого катышуусу үчүн шарттарды түзүүсү зарыл. Жалпысынан биз жеке инвестициялардын, анын ичинде корпоративдик облигацияларды чыгарууну жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүүгө тийишбиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

