Мамлекеттик башкаруу жана коргонуу тармактарына багытталган инвестициянын көлөмү

Мамлекеттик башкаруу жана коргонуу тармактарына багытталган инвестициянын көлөмү

Мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо тармактарында негизги капиталга инвестиция 93 миллиард теңгени түздү. Башкача айтканда, 2022-жылдын 10 айында депозиттердин реалдуу өсүшү 2,2 эсеге жетти. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде, тескерисинче, инвестициянын көлөмү дээрлик 29,5%га кыскарган. Бул тууралуу Finprom жазды. Тармакка салынган инвестициянын эң чоң көлөмү Түркестан облусунун үлүшүнө туура келет. Бул - 24,5 миллиард теңге. Ошондой эле алдыңкы үчтүктө 23 миллиарддан ашык инвестиция салынган Астана жана 16 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылган Алматы шаарлары бар. Инвестициялардын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттин, жергиликтүү казынанын, карыздык банктык эмес каражаттардын жана ишканалардын өздүк капиталынын эсебинен камсыздалды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков