Казакстанда чекене сооданын көлөмү өсүүдө. Талдоочулардын эсебинде, өткөн жылы эле бул көрсөткүч 13,5 триллион теңгеге жеткен, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,5%га көп. Мындан тышкары, чекене сооданын негизги үлүшү Алматы, Нур-Султан жана Чыгыш Казакстан облусуна туура келет. Чекене сооданын олуттуу көлөмү жеке ишкерлер жана чакан компаниялар тарабынан камсыздалган – тиешелүүлүгүнө жараша 4,7 триллион жана 4,2 триллион теңгени түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков