Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул тизмеге ата мекендик эт жана бал өндүрүүчүлөр кошулган. Ошентип, 14 ата мекендик ишкана өз өнүмдөрүн Перс булуңуна жеткирүүгө укук алды. Буга байланыштуу өткөн жылы Казакстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы товар жүгүртүү 16 жарым миллион долларды түзгөнүн белгилей кетүү керек. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 90%га көп. Бүгүнкү күндө Казакстан Сауд Падышачылыгына ферроэритмелерди, атайын багыттагы унааларды жана механикалык түзүлүштөрдү, кара металлдардан жасалган буюмдарды, көмүрдү, нан жана ун азыктарын экспорттойт. Сауд Аравиясынан республикага токулган эмес материалдар, кант, лак-боёктор, түтүк жана башка товарлар жеткирилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков