Казакстанда «Байтерек» космостук ракеталык
комплекси быйыл ишке кириши мүмкүн. Андан космос кемесин учуруу бештин айына
пландаштырылган. Комплексти ишке киргизүү Казакстанга натыйжалуу коммерциялык
түзүмү бар толук кандуу космостук тармакты түзүүгө мүмкүндүк берет.
Кайрат
Нуртай, Президенттин «Байкоңур» комплексиндеги атайын өкүлү:
- Биздин негизги «Байтерек» долбоорубузду
Орусия менен Казакстан биргеликте ишке ашырууда. Бул Зениттин мурдагы учуучу
жери. Биз аны андан ары өнүктүрүп жатабыз. Ушул жылдын аягында биринчи ракета
учат. Азыр да адамдар учурулган жерди көрүүгө кызыгып жатышат.
Баубек Оралмагамбетов, Санариптик өнүктүрүү,
инновация жана аэрокосмос өнөржай министрлигинин аэрокосмос комитетинин
төрагасы:
- «Союз-5» ракетасы жердин орбитасынан 17
тонна жүк жеткирүүгө жөндөмдүү. Бул толугу менен коммерциялык буйрутмаларды
аткарууга мүмкүндүк берет. Биринчи учуруу ушул жылдын бештин айына
пландаштырылган. «Байтерек» долбоорунда, ракета учуруу жеринде казакстандык инженерлер
иштейт. Бүгүнкү күндө бул жерде 150 адис эмгектенүүдө. Ал эми келечекте
туруктуу негизде «Байтерек» космос-ракеталык жеринде иштеген адистердин санын
350гө жеткирүү көздөлүп жатат.
«Байтерек» ракеталык комплексинен космостук аппараттарды учурууда авиациялык керосин жана суюк кычкылтек түрүндөгү отунду пайдалануу каралган. Бул экологиялык жактан кыйла натыйжалуу - дешет адистер. Азыр космостук ракета комплексинде даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда өлкөдө 5 космостук аппарат бар. Алардын жардамы менен спутниктик байланыш жүргүзүлүп, аймакка мониторинг жүргүзүлөт. Эми «Байтерек» комплекси аркылуу атамекендик космос тармагы жаңы деңгээлге чыгат. Бул келечекке делген мультипликативдик инвестиция.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

