Казакстан менен Кытай ортосундагы соода алмашуу бир жылда 7% өстү

Казакстан менен Кытай ортосундагы соода алмашуу бир жылда 7% өстү

2021-жылдын башынан бери Казакстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 10 миллиард долларды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 7,4%га көп. Казакстан Кытай Эл республикасына буудай, арпа, кальций жана бор фосфаттары, темир рудалары жана концентраттары, көмүр, жаратылыш газы жана башка өнүмдөрдү экспорттогон. Өз кезегинде Кытайдан Казакстанга кондитердик азыктар, дары-дармектер, жер семирткичтер, текстиль, керамикалык плиткалар жана башка товарлар алынып келинген. Ал эми Кытайдын өлкөгө түз инвестициялардын жалпы агымына келсек, биринчи жарым жылдыкта бул көрсөткүч 509 миллион долларга жакын болду. Былтыр бул көрсөткүч 310 миллион доллардан бир аз ашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков