Ихтиозаврдын калдыктары Актаудагы музейге коюлду

Ихтиозаврдын калдыктары Актаудагы музейге коюлду

Актауда музейге алгачкы жолу ихтиозаврдын скелет сөөктөрү коюлду. Ал 113 миллион жыл мурун аймагына Маңгыстау облусу да кирген Тетис океанында байырлаган. Өлкөдө ихтиозаврдын сөөктөрү мындан 5 жыл мурун Шетпе айылынан 15 чакырым жердеги Сулы капы деген жерден табылды. Деңиз жаныбарынын сөөктөрүн казып алууга бир ай убакыт кеткен. Ага сыпаттама берүү үчүн чет өлкөдөн адистер чакыртылды. Ошондон бери изилдөө иштерин жүргүзгөн окумуштуулар ихтиозаврдын макетин да кураштырды. Суу жырткычынын денесинин узундугу 6 метрден ашат. Бирок мындай көлөмдөгү экспонат  музейге коюлган эмес. Ошондуктан бийиктиги 1 метр 70 см болгон вариант тандалып алынган. Аны кураштырууга 5 айдай убакыт кеткен. 

Салима Үсенова, А. Кекилбаев атындагы музейдин адиси:

– Баласын курсагында көтөрүп дүйнөгө алып келүүчү жырткыч жаныбар болгон. Бир өзгөчөлүгү – балык сыяктуу бакалоору менен эмес, өпкөсү менен дем алган. Өпкөсүнө кычкылтек чогултуу үчүн суу үстүнө калкып чыккан.     

Көркем Саздыбай, көрүүчү:

–  Мага жаккан ихтиозаврлар абдан коркунучтуу көрүнөт. Анын үнү музыка менен айкалышканда укмуш экен. Мультфильм, кинолордон эле көрчүбүз. Калп болушу мүмкүн деп ойлочубуз. Чын экен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков