Казакстанда 3,2 млндон ашык бала жайкы чыңдоо иш-чаралары менен камсыздалат

Казакстанда 3,2 млндон ашык бала жайкы чыңдоо иш-чаралары менен камсыздалат

Казакстанда 2029-жылга чейин балдар жана өспүрүмдөр туризмин өнүктүрүүнүн жол картасы иштелип чыкты. Документ өлкөнүн окуучуларынын эс алуусун жана бош убактысын натыйжалуу уюштуруу үчүн 7 багытты жана 30га жакын комплекстүү иш-чараларды камтыйт. Бул тууралуу өкмөттө туризм жана спорт боюнча вице-министр билдирди. Ержан Еркинбаев жаш муундун ички саякатына арналган Kids go Free программасына токтолду. Авиабилеттерди субсидиялаган мамлекеттик колдоо чарасы башталгандан бери 5 600дөн ашуун өспүрүм акысыз аба каттамынан пайдаланышты. Быйыл жашы жете элек жүргүнчүлөрдү алып жүрүүгө укугу бар адамдардын тизмесин кеңейтүү пландаштырылууда.

Ержан Еркинбаев Туризм Жана спорт вице-министр:

- Азыркы убакытта Kids go Free программасынын алкагында алар ата-энелери же жакын туугандары менен гана уча алышат, биз келечекте класс жетекчилери же уюшкан топтун лидерлери, мугалимдер менен уча алышы үчүн мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Быйыл бул программанын алкагында үч миңге жакын бала өлкө боюнча саякаттоого мүмкүнчүлүк алат.

Быйыл Казакстанда 3,2 миллиондон ашык бала жайкы ден соолукту чыңдоо иш-чараларына тартылат. 191 шаар четиндеги, 10 миңден ашык мектеп алдындагы, чатыр жана боз үйлөр иштейт. «Казакстан калкына» фондунун колдоосу менен 10 миң бала «Жайкы-жолдомо» долбоорунун алкагында акысыз эс алууга мүмкүнчүлүк алышат. Мында калктын социалдык жактан аярлуу катмарындагы өспүрүмдөргө жана айыл жериндеги көп балалуу үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Туризм министрлиги балдардын тарыхый-маданий мурас объекттерине, популярдуу туристтик зоналарга баруусу үчүн акимиаттардын региондор аралык өз ара аракеттенүүсүн координацияласын. Батыш регионундагы балдар өлкөнүн чыгыш аймактарын көрүүгө кызыкдар болушат. Ал эми түштүк облустарда окуучулардын Түндүк региондорго жана тескерисинче сапарларын уюштуруу зарыл. Балдар биздин өлкөнүн кооз жерлерин жана бай маданий мурастарын билиши керек. Маданият министрлиги жайкы каникул убагында балдардын музейлерге, театрларга, коруктарга, улуттук парктарга акысыз баруусун камсыз кылсын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков