Түрк дүйнөсүнүн башкы майрамы болгон - Нооруздун тамыры
кылымдарга барып такалат. Окумуштуулардын айтымында, жаздын келишинен кабар
берген бул өзгөчө күн мындан 5 миң жыл мурун белгилене баштаган. Ал байыркы
Иранда күнгө сыйынуу мезгилинен башталган. Себеби, перстер күндү бардык
тиричиликтин булагы деп эсептешкен. Бул ишеним жана ага байланыштуу салттар
кеңири аймакка тараган. Бүгүнкү күндө адамдарга өзгөчө маанай тартуулаган бул
майрамды Казакстандан тышкары, Азербайжан, Ооганстан, Индия, Иран, Кыргызстан,
Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Венгрия жана башка өлкөлөр да белгилейт.
Белгилүү болгондой, мурда Нооруз майрамы 53 күнгө созулуп келген. Ал эми азыр 1
жумадан баштап 3 аптага чейин
майрамдалат.
Али
Акбар Талеби Матин, Иран Ислам Республикасынын Казакстандагы Элчиси:
-
Иранда да Нооруз
майрамы кеңири белгиленет. Өлкөдө бул майрам 13 күнгө созулат. Дасторконго
«Хафт син» сыяктуу тамак коюлат. Бул тамак жети азыктан жасалат. Биз
Касым-Жомарт Токаевдин Нооруз майрамын
10 күн кеңири масштабда өткөрүү чечимин колдойбуз. Мен
бул жаз майрамында
бардык казакстандыктарга бакубатчылык, ден соолук жана жакшылыктарды каалайм.
Ноорузду канчалык жакшы белгилесең, келе жаткан жыл да ошончолук берекелүү болот деген ишеним
бар. Ошондуктан майрамдык каада-салттар, үрп-адаттар көп. Көбүнчө Улустун улуу
күнү «Ырыс мол болсун, ак көп болсун»
деген ниет менен дасторкон жайып, идишти сүт менен айранга толтуруу салтка айланган.
Окумуштуулардын айтымында, күн менен түндүн теңелүүсүн белгилеген бул майрамдын
тарыхы абдан терең жана бул майрам жок болуп кетпейт.
Аскар Жүсипбеков, Л.Н. Гумилёв
Атындагы ЕУУ Профессору:
-
Нооруз майрамы Ирандан келип чыккан. Ошондуктан, биз өткөрүп жаткан ишибиз майрамдын бир гана бөлүгү. Бул
биздин жашообуздун бардык тармагына оң таасирин тийгизген жаз майрамы деп
эсептейм. Ошондой эле, бүгүнкү күндөрү анын канчалык деңгээлде белгиленип
жатканы алкоого татыктуу.
Анткени бул биздин улуттук маданиятыбыз.
Байыркы жаз майрамын белгилеген өлкөлөрдүн ар биринде
Нооруз майрамына байланыштуу ар кандай каада-салттар жана үрп-адаттар бар.
Бирок алардын баары үйдө береке жана биримдикти, меймандостукту, ошондой эле,
үй-бүлөлүк жана маданий баалуулуктарды сактоого багытталган. Жалпысынан дүйнөдө
300 миллиондон ашык адам Нооруз майрамын майрамдоодо. Ал эми 2009-жылдан бери
ЮНЕСКО аны адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик
тизмесине киргизген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков