Өлкөдө курулуштун сапатын көзөмөлдөөнүн жаңы талаптары киргизилет. Мажилис экинчи окууда Курулуш кодексин кабыл алды. Документте тармакты көзөмөлдөөнүн негизги механизми катары санариптик технологияларга басым жасалган. Мындан ары долбоорлоодон баштап пайдаланууга берүүгө чейинки курулуштун бардык этаптары бирдиктүү санариптик порталда бириктирилет. Азырдын өзүндө өлкөдөгү курулуш объектилеринин жана инженердик системалардын 90%дан ашыгы «Е-курулуш» порталына киргизилди. Мындан тышкары, ар бир жаңы имарат уникалдуу идентификатордук санариптик паспорт алат. Ал эми социалдык объектилерге жер тилкесин бөлүү, сейсмикалык кооптуулукту эске алуу, табигый аймактардагы курулушту чектөө жөнүндөгү нормаларды жүзөгө ашырууга жасалма интеллект колдонулат. Ошондой эле, курулуш сапатын стандартташтыруу атайын илимий институттун компетенциясына берилип, дүйнөлүк сапат талаптарына ылайык жасакталат.
Мурат Абенов, парламент мажилисинин депутаты:
- Жарандардын пикирин изилдедик, бир нече коомдук уюмдун активисттери келди, окумуштуулар келди бизге. Жыйында атайын коомдук палатанын отуруму өткөрүлдү. Заман талабына ылайык, европалык стандарттарды киргизип, негизи каланды. Тапшырма боюнча, мамлекеттик көзөмөл маселесин жөнгө салуу, көзөмөлдөө стандарттарды киргизүү.
Ошондой эле, Мажилис жыйынында «Банктер жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Документте банктердин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана колдонуу чөйрөсүнө өзгөртүүлөр сунушталган. Мындан ары казакстандыктар каржы институттарынын биометриялык маалыматтарды качан жана кандай максатта пайдаланганы тууралуу маалымат алууга укуктуу. Ошону менен катар, санарип кол тамганы колдонуу, жарандын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоого керектүү маалыматтардын ачыктыгы камсыздалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

