Касым-Жомарт
Токаев бүгүн Улуттук илим жана технологиялар кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы алардын артыкчылыктуулугуна жана стратегиялык маанисине көңүл
бурду, анткени инновациялар жана жогорку технологиялар доору келди. Андан
тышкары, мамлекеттер арасында, анын ичинде Борбор Азияда да алдыңкы чечимдерге
ээ болуу үчүн атаандаштык жүрүп жатат. Казакстандын президенти жасалма
интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга чакырды. Жалпысынан алганда,
өлкөдө акыркы жылдары илимди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурулууда. 2020-жылдан
бери билим берүүгө жана илимге инвестициянын көлөмү беш эсеге көбөйдү. Изилдөө
университеттеринин саны өсүүдө, алардын өндүрүш менен байланышы чыңдалууда.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Учурда 300гө жакын
коммерциялык долбоор ишке киргизилди. Ошентип, «Университет – изилдөө –
инновация – коммерция»
чынжыры түзүлүүдө. Бул процессти күчтөндүрүү үчүн, жакынкы аралыкта аны ишке
киргизүүнү аяктоо керек. Дүйнөнүн 40 абройлуу университеттери менен өнөктөштүк
мамилелер түзүлдү. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө чет элдик жогорку окуу жайлардын 33
филиалы ачылды. Технопарктар жана инжинирингдик борборлор түзүлүүдө. Улуттук
илимдер академиясынын кадыр-баркы бир топ жогорулады. Бардык аймактарда илимий
кеңештер иштей баштады. Окумуштуулардын кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл
бурулууда. «Илим
жана технологиялык саясат жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынды, илимди башкаруунун
жаңы укуктук модели түзүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

