30 жылдан бери домбра жасаган шымкенттик чебер

30 жылдан бери домбра жасаган шымкенттик чебер

Бүгүнкү күндө казактын улуттук баалуулугун даңазалап, руханий кайра жаралууга салым кошуп жаткандар аз эмес. Алардын бири шымкенттик чебер Кожабек Садибеков. Ал өмүрүнүн отуз жылга жакынын казактын улуттук аспабы домбраны жасоого арнаган. Бул мезгилдин ичинде ал миңден ашык аспап даярдаган. Атүгүл, эл ичинде уламышка айланган Абай Кунанбай уулу менен Жамбыл Жабаевдин домбрасына окшогон аспап да жасап чыгарган. Улуттук өнөрдү даңазалап жүргөн чебер домбранын жыгачы менен кылына өзгөчө көңүл бурат. Ал үчүн чебер колунан чыккан ар бир эмгегин дыкат текшерип, алгач өзү чертип көрөт.

Кожабек Садибеков, чебер:

- Домбра маанайды көтөрөт, анын жан дүйнөсү бар десек болот. Ага этияттык менен мамиле кылуу керек. Аспап ысыкка да, суукка да дуушар болот.  Бул деформацияга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, домбраны кутуда сактоо зарыл. Ошондо анын уникалдуу үнү сакталып, кызмат мөөнөтү көбөйөт.

Кожабек Садибековдун айтымында, чоң атасы домбра жасоонун сырлары менен бөлүшкөн. Ар кандай буюмдарды жасап, атүгүл шыгы бар небересине ээр чапканды үйрөткөн. Бүгүнкү күндө чебердин өзүнүн устаканасы бар. Бул жерде дасыккан чебер өнөрдүн бардык татаал сырларын кийинки муунга үйрөтөт. Анын максаты – улуттук музыкалык өнөрдү жайылтуу жана домбра жасоонун байыркы ыкмалары менен салттарын сактоо болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков