Казакстанда белгиленген чамадан ашыкча зыяндуу заттар үчүн айып пул көлөмү көбөйтүлөт

Булгоочу төлөйт! Бул жаңыланган экологиялык кодекске киргизилген эреже. Казакстанда айлана-чөйрөгө ашыкча зыян келтирген унааларга салынуучу айып пулдун көлөмү көбөйтүлдү. Талапка ылайык келбеген темир тулпар ээлерине айып пул 10 айлык эсептик көрсөткүчтү түзөт. Юридикалык жактар ​​100 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө төлөп берүүгө милдеттүү. Бул болжол менен 300 000 теңге. Эгер бир жылдын ичинде кайталанса, айып пул эки эсеге көбөйөт.

АСЕЛ МУХАМЕТЖАНОВА, ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИНЫЙ РЕСУРСТАР КОМИТЕТИНИН БАШКАРМА БАШЧЫСЫ

 - Бул эреже күчүнө кире элек. Азырынча колдонула элек. Бул талап 2021-жылдын теке айынын 1де гана күчүнө кирет. Учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, эреже бузгандыгы үчүн жеке адамга салынуучу айып пул 2 айлык эсептик көрсөткүчтү түзөт. Кайра кайталанса, анын көлөмү эки эсе көбөйөт.

СТЕНДАП:

 - Ал эми кандай унаалар нормага жооп бербеши мүмкүн. Бул техникалык адистерге суроо. Ар бир унаа белгиленген техникалык кароодон өтүшү керек. Ал айлана-чөйрөнү канчалык булгай тургандыгын аныктайт. Ошол эле учурда, эски автоунаа ээлерине узак мөөнөткө чейин кызмат кылуу кыйынга турушу мүмкүн.

Зыяндуу заттардын бөлүнүшү күйүүчү-майлоочу майлар менен түздөн-түз байланыштуу. Бул жагы техникалык кароонун диагностикалык картасын түзүүчү адис тарабынан аныкталат. Бул жараян мүмкүн болушунча ачык-айкын болушу керек. Анткени, ар бир унаанын жарактуу экендигин туура баалоо жана зыяндуу чыгымдарды эсептөө иши оңой эмес.

АСЕЛ МУХАМЕТЖАНОВА, ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИНЫЙ РЕСУРСТАР КОМИТЕТИНИН БАШКАРМА БАШЧЫСЫ:

 - Учурда биз ири ишканаларды жылына бир жолу гана текшере алабыз. Ошол учурда белгиленген талаптардын аткарылышы толугу менен текшерилет. Буга ылайык, биз транспорттук цехтин зыяндуу чыгындыларынын ылдамдыгын аныктайбыз. Жеке адамдар өз ыктыяры менен унааларын текшеришет. Бул алардын жоопкерчилигине байланыштуу.

Адистер зыяндуу чыгымдардын белгиленген талаптарга шайкештигин аныктоо үчүн атайын шаймандар аркылуу аныкташат. Негизинен Автотест, Мета-01 сыяктуу газ өлчөөчү шаймандар колдонулат. Казакстандык айдоочулар жаңычылдык жөнүндө ар кандай пикирде. Айрымдар курчаган чөйрөнүн булгануу көрсөткүчү азаят деген кубанычта дешсе, башкалары эски унааларды алмаштырбайбыз жана жаңы унааларды сатып алалбайбыз дешет.

БЛИЦ:

 - Эми айып пул болгону бул жакшы. Айып пул салынбаса шаар таза болбойт. Айып пул салуу керек. Мындайча айтканда адам  негизи көнбөйт. Менимче, бул негизинен туура.

 - Албетте, технология бир орунда турбаганы түшүнүктүү. Бирок, бардык стандарттарга жооп берген жаңы унаа сатып алууга баарынын эле мүмкүнчүлүктөрү жете бербестигин эске алуу керек. Менин унаам Евро-4 стандартында. Ал эми учурдагы суроо-талап Евро-6. 

Эски унааны жоготпой, белгиленген талаптарга жооп берүүнүн жолдору бар. Бул үчүн адистер темир тулпарды зыяндуу бөлүп чыгарууну азайтуучу атайын шаймандар менен жабдууну сунушташат. Айып пулдарды жылдын биринчи жарымында орнотуу максатка ылайыктуу. Тиешелүү мыйзам келерки жылдын жай айларында гана күчүнө кирет.