Казакстан менен Өзбекстан өз ара соода жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүү ниетинде. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда билдирди. Өлкөнүн өкмөт башчысы Экономикалык кызматташтык уюмунун 16-саммитине катышуу үчүн коңшу өлкөгө барды. Белгилей кетсек, Өзбекстан Казакстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Эки өлкө тең аймактагы жалпы сооданын 70% түзөт. Министрлер кабинетинин башчысы жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашуулардын аткарылышы Казакстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн көзөмөлүндө болорун белгиледи.
Алихан Смаилов, Казакстандын
Премьер-министри:
- Сиз менен
биздин Президенттин ортосунда жетишилген бардык макулдашуулардын аткарылышы эки
өлкөнүн өкмөттөрүнүн өзгөчө көзөмөлүндө. Артыкчылыктуу багыттардын бири - өз иш
аракетибиздин бекем жана туруктуу экономикалык платформасын түзүү. Сиз
белгилегендей, биздин алдыбызда чоң милдеттер турат. Эки өлкө ортосундагы товар
жүгүртүү былтыр 30% өскөн. Быйыл дагы ушундай темп менен өсүүдө. Биз
соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга артыкчылык беребиз. Акыркы бир
жарым-эки жылда 10го жакын биргелешкен долбоорлор пайдаланууга берилди. Бүгүнкү
күндө дагы 60тан ашууну ишке ашырылууда. Сиз жаңы эле белгилегендей, биздин
ортобузда чечилбеген маселе жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков